Жогорку Кеңеште бүгүн, 7-майда кыргыз өкмөтү менен Корея Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы "Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо" долбоору боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралды.
Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, 1998-жылы “Кыргызтелеком” ишканасын жаңылоо үчүн 15,4 миллион доллар насыя алынган. Азыр кыргыз тарап жылына 1,1 миллион доллар өлчөмүндө насыянын негизги суммасын төлөөдө.
Ошондон улам төлөм көлөмүн азайтуу максатында корей тарап менен келишимдин мөөнөтүн 2045-жылга чейин узартып, жылына 300 миң доллар каражат төлөп туруу жагы каралууда.
Мыйзам долбоору үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.