Парламентте бүгүн, 7-майда “Жеткиликтүү турак жай” программасын иштеп чыгуу маселеси кызуу талкуу жаратты. Айрым депутаттар ипотекалык үй алуу тармагында атаандаштык жаратууга бул программа керек экенин айтышса, айрымдары буга каршы чыгышып “мындай программасы жок эле иштерди жасаса болот” дешти.
Депутат Данияр Тербишалиев бул долбоор коррупциялашып кетиши мүмкүн экенин айтат.
“Мамлекет бул долбоорго кепилдик бере албаса, анда токтотуп эле коёлу. Эртең “Градиент” компаниясы тендерлерге катышып, үйлөрдү кура баштабайт деп ким кепилдик бере алат?”- деди Тербишалиев.
Айта кетсек, буга чейин Тайырбек Сарпашевдин “Градиент” компаниясынын “Кумтөргө” байланышы бар экени, тендерлерден мыйзамсыз утуп чыгары айтылып, Тербишалиев “өкмөт мүчөлөрүнө таза адамдар гана дайындалышы керек” деп бир нече жолу айтып чыккан эле.