2012-жылы ЖКда “Ата Журт” фракциясынын депутаттары тарабынан 37 мыйзам долбоору демилгеленди
2012-жылы ЖКда “Ата Журт” фракциясынын депутаттары тарабынан 37 мыйзам долбоору демилгеленип, депутаттар 68 мыйзам долбооруна демилгелеш болушту. Бул тууралуу “Ата Журт” фракциясынын катчылыгы билдирди. Мындан сырткары “Ата Журт” фракциясы ЖКнын 17 токтомунун долбооруна демилгечи болгон. Бир жыл ичинде фракция депутаттары 9557 жаранды кабыл алса, фракциянын коомдук кабылдамасына 202 жаран кайрылган. Ал эми бул фракциянын депутаттарынын дарегине жыл ичинде 4233 арыз жана оозеки кайрылуулар келген. Кайрылуулардын айрымдары боюнча материалдык жана башка жардамдар көрсөтүлгөндүгүн маалымдайт фракция катчылыгы