Бүгүн, 7-майда Таиланддын Конституциялык Соту өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу Йинглак Чиннаватты жана министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрүн отставкага кетирди. Бул тууралуу чет элдик ММКлар жарыялашты.
“Конституциялык Соттун төрагасы Чарун Интхачан "Чиннават 2011-жылы Улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы Тхавина Плиенсирди мыйзамсыз кызматтан алган деген чечим чыгарды” деп билдирди”, - деп айтылат маалыматта.
Соттун чечимине ылайык, мыйзамга каршы чечим кабыл алганы үчүн министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү да отставкага кетет. Алар: тышкы иштер министри, эмгек министри, каржы министри жана башкалар.
Йинглак Чиннават парламент тарабынан 2011-жылдын 5-августунда 28-премьер-министр болуп дайындалган. 2013-жылдын декабрь айынан бери өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп келген. 2014-жылдын 20-июлунда боло турган премьер-министрди шайлоого катыша тургандыгы айтылууда.