Бир катар сериалдарда роль жараткан 24 жаштагы Панеттьери Украинадагы коомдук-саясий кырдаал Кличко экөөнүн планына таасирин тийгизгенин билдирип, убакыттын өтүшү менен баары жакшы болоруна ишенерин кошумчалаган.
38 жаштагы боксчу Германияда жашаарын жана мекени менен тыгыз байланышта экенин айткан. Владимир Кличко менен Хайден Панеттьери 2009-жылы сүйлөшүп башташкан. Бир жылдан кийин эки жолго кетишкен. Кайра 2013-жылы мамилелерин жандантып, турмуш курушарын жарыялашкан.