Асия Сасыкбаева Кыргызстанда кургак учук дарты боюнча элдин маалыматы аз экенин айтты

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева бүгүн, 7-майда "Адамдар – Адамдарга ХОУП долбоору" саламаттыкты сактоо фондунун Кыргызстандагы филиалынын директору Артур Ниязов менен жолугушту.

Асия Сасыкбаева Кыргызстанга колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. "Сиздердин жардам, кургак учукка каршы күрөшүү жаатында көрсөтүлгөн көмөктөр өтө маанилүү. Биз мындай кызматташтыкка ыраазыбыз жана ХОУП долбоорлорун ишке ашыруу чараларын колдоого даярбыз",- деди депутат.

Артур Ниязов Кыргызстанда Саламаттыкты сактоо фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Жолугушуу жүрүшүндө тараптар кургак учукка каршы күрөштө күчтү бириктирүү зарылдыгын баса белгилешти. Вице-спикер бул оорунун белгилери тууралуу калкты, айрыкча жаштарды маалымдар кылуу чараларын күчөтүү зарылдыгын айтты. "Тилекке каршы, калктын бул дарт тууралуу маалыматы аз. Ал үчүн телеканалдар аркылуу кургак учук оорусу жөнүндөгү роликтерди байма-бай көрсөтүү керек",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан