Жылнаама, 8-май: Мындан 112 жыл мурун Францияда жанар тоо атылып, 30 миңге чукул адам кырылган 

*Мындан 94 жыл мурун, 1920-жылы Түрккомиссия, Элдик комиссарлар совети Түркстандын Аткаруу комитети жана Аткаруу бюронун биргелешкен жыйынында «кыргыз маселеси» боюнча атайын токтом кабыл алынган. 
*Мындан 112 жыл мурун, 1902-жылы Франциядагы Мартиника аралында Мон-Пеле жанар тоосу атылып, андан пайда болгон күл жана газдан турган ысык катуу шамал Сен-Пьер шаарын түп орду менен жок кылган. Шаардын бүт калкы (30 миңдей) кырылган. Ошол вулканды изилдөө үчүн келген окумуштуулар тобу да көз жумган. Аймактан 2 адам гана тирүү калган. Жер алдындагы абакта отурган Август Сибарус жана айыл четинде жашаган өтүкчү (денесиндеги күйүккө карабай ал дагы 34 жыл жашаган). Атылуу күчтүү болгондуктан, темирден жасалган эстеликтер алыска учуп кетсе, бир топ алыс аймактарда ысыктан улам сыралардын капкактары ачылып кеткен.  
*Мындан 39 жыл мурун, 1975-жылы ырчы Энрике Иглесиас Мадрид шаарында туулган. Атасы – ырчы Хулио Иглесиас, апасы – телеалпаруучу Изабель Прейслер. 1979-жылы атасы менен апасы Энрике 4 жаш курагында ажырашып кетишип, ырчы атасы менен Американын Майами шаарына кетет. 1995-жылы Энрикенин алгачкы испан тилиндеги “Энрике Иглесиас” аттуу альбому жарыкка чыккан. 2001-жылы чыккан бул жыйнак дүйнөлүк рекорддордун баарын багындырып, андагы хит ырлары менен 16 өлкөдө 50 концерт коюуга жетишет. 
8-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан