“Жеткиликтүү турак жай" программасы боюнча токтом долбоору добуш берүүгө жиберилди

Бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жеткиликтүү турак жай куруунун жалпы мамлекеттик программасынын долбоорун даярдоо жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралды.

Токтом долбоорунун демилгечиси, депутат Карганбек Самаковдун айтымында, өкмөт бир айдын ичинде жеткиликтүү турак жай куруунун мамлекеттик программасын иштеп чыгуусу зарыл. 

“Калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо мамлекеттин социалдык милдети болуп саналат. Жеткиликтүү турак жай куруунун жалпы мамлекеттик программасын ишке ашырууда тикелей инвестициялар тартылышы керек”,- дейт Самаков.

Жыйынтыгында токтом долбоору добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан