Фракция депутаттары тарабынан 5 парламенттик угуу, 42 коомдук талкуу, 15 маалымат жыйын жана 50 тегерек стол уюштурулган.
Бир жыл ичинде фракция депутаттары 7409 жаранды кабыл алса, 593 жаран фракциянын коомдук кабылдамасына кайрылган.
Ал эми фракция депутаттарынын дарегине жыл ичинде 8120 арыз жана оозеки кайрылуулар келип түшүп, алардын 5973ү оң жагына чечилип, айрымдары боюнча материалдык жана башка жардамдар көрсөтүлгөндүгүн маалымдады фракция катчылыгы.