* Мындан 81 жыл мурун, 1933-жылы Орто Азия округунун атайын бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Левшиндин буйругу боюнча Абдыкерим Сыдыков, Турду Акун Сопиев, Султан Курманов, Ишеналы Арабаев, Касымбай Телтаев жана Найзабек Тулин камакка алынган.

* Мындан 69 жыл мурун, 1945-жылы ф
ашисттик Германия Советтер Союзуна толук жана биротоло багынып берүү жөнүндөгү келишимге кол койгон. Документке генерал-фельдмаршал В.Кейтель, Германия деңиз аскердик күчтөрүнүн адмиралы фон Фридебург, авиациянын генерал-полковниги Г.Штумпф, Советтер Союзунун маршалы Г.Жуков жана союздаштардын атынан Англиянын авиация маршалы А.Теддер кол койгон. 4 жылга созулган (1941-1945-жылдар) эң көп жоготууга алып келген Улуу Ата Мекендик согуш аяктап, И.Сталиндин жарлыгы менен 9-май Жеңиш күнү деп аталган. Бул согушта Совет эли 27 миллион адамынан ажыраган.
*
Мындан 53 жыл мурун, 1961-жылы Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары
Исхак Раззаков ар кандай куру шылтоолор, далили жок фактылардын негизинде кызматтан бошотулган. 1961-жылы үй-бүлөсү менен Москвага көчүрүлүп, Исхак Раззаков
1965-жылга чейин СССРдин Экономикалык кеңешинин тамак-аш бөлүмүнүн
башчысы, 1965-1967-жылдары СССРдин мампланынын бөлүм башчысы болуп
иштеп, ден соолугуна байланыштуу 57 жаш курагында пенсияга чыккан.
Өмүрүнүн акырында Москвада жашаган 18 жыл ичинде Кыргызстанга бир ирет,
аз гана убакытка келип кеткен. 1979-жылы кыргыз элинин улуу уулу Исхак
Раззаков дүйнөдөн кайтып, Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган. Ал эми
2000-жылы 1-июнда Исхак Раззаковдун сөөгү Кыргызстанга алынып келинип,
бардык жөрөлгөсү менен коюлган.