"41 жаштагы айымды тоноду" деген шек менен 27 жаштагы жаран кармалды

"41 жаштагы айымды тоноду" деген шек менен 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, 41 жаштагы Элмира аттуу айым милицияга кайрылган. Анда ал Жибек Жолу көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунан белгисиз адам күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун 27 жаштагы Максат аттуу тургуну кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан