"Бишкек шаарынын тургундарынын үйүнөн баалуу буюмдарды уурдаган" деген шек менен 2 жаран кармалды

"Бишкек шаарынын тургундарынын үйүнөн баалуу буюмдарды уурдаган" деген шек менен 2 жаран кармалды. Бүгүн, 7-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирген маалыматтарга караганда, 22 жаштагы Медетбек аттуу жаран "борбор калаадагы үйлөрдүн биринен 37 миң сомго бааланган ноутбукту уурдады" деп шектелүүдө. Ошондой эле 25 жаштагы Мерислан аттуу жигит "53 жаштагы Турдаалы аттуу жарандын үйүнөн 58 миң сомго бааланган буюмун уурдап кеткен" деген шек менен кармалган. Азыркы тапта аталган окуялар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан