Украина Крымга суу бербөө үчүн Түндүк-Крым каналын бууп жатканы айтылууда   

Украина Крымга суу бербөө максатында Херсонск облусунун аймагындагы Түндүк-Крым каналына тосмо куруп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда чет элдик ММКлар жарыялашты.

Түндүк-Крым каналы Крымды суу менен 85 пайыз камсыздап келген. Крым Орусияга өткөндөн кийин Украина сууну техникалардын жардамы аркылуу бууп жатканы айтылууда. 

Буга чейин Украина крымдыктардын суу алуу укугун 3 ирет чектесе, Крым бийлиги 4 ирет келишим түзүү үчүн кат жиберген. Бирок ага жооп болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан