Эркинбек Чодуев айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды
Эркинбек Чодуев айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгону айтылды.