1-май күнү Бишкекте табылган 6 жашар кыздын атасынын туугандары табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 7-майда билдирди.
Маалыматка караганда, буга чейин жоголуп кеткен 6 жашар Махабатты издеп эч ким кайрылган эмес. Бүгүн анын атасынын туугандары келишти. Бирок алар эч кандай тастыктоочу документтерди алып келишкен эмес.
“Учурда Махабаттын атасы менен апасынын жүргөн жери иликтенүүдө. Ошондой эле эмне себептен наристе кыздын көчөдө калып кеткени такталууда. Учурда Махабат Бишкектеги Балдардын реабилитациялык борборунда”,- деди ИИМдин басма сөз кызматы.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-май күнү Жаш Гвардия бульварында жайгашкан кафенин кызматкери милиция бөлүмүнө кайрылган. Анда ал 6-7 жашар кыз апасын издеп жүргөнүн айткан. Табылган кыздын айтуусу боюнча, аты - Махабат. Аны бул районго апасы алып келип, "кайра келем" деп кеткендигин айткан. Апасы ошол бойдон кайрылып келген эмес.