Бишкектеги №1-СИЗОнун мурунку башчысы Марс Жусупбеков 4 жылга эркинен ажыратылды

Бишкектеги №1-СИЗОнун мурунку башчысы Марс Жусупбеков 4 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын "ВБ" жарыялады. №1-СИЗОнун мурунку оперкызматкерлери Марат Исаков менен Рыскулбек Тыныбек уулу мунапыска туш келип, бошотулуптур. Жусупбеков 10 суткадан кийин СИЗОдон алгачкы ирет өтө оор эмес кылмыш кылгандар отуруучу абакка (колония-поселение) которула турганы айтылды. 

Эскерте кетсек, М.Жусупбеков кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана кызматтык укук-милдеттеринен аша чапкан деп айыпталган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан