2012-жылы ЖКда "Республика" фракциясынын депутаттары тарабынан 33 мыйзам долбоору кабыл алынды

2012-жылы парламентте "Республика" фракциясынын депутаттары тарабынан 72 мыйзам долбоору демилгеленип, алардын 33ү кабыл алынды. Калган мыйзам долбоору учурда каралууда. Фракция депутаттары 131 мыйзам долбооруна демилгелеш болуп, алардын 37си кабыл алынды. Бул тууралуу "Республика" фракциясынын катчылыгы билдирди. Ошондой эле бул фракция тарабынан ЖКнын 6 токтом долбоору даярдалды жана 22 токтом долбооруна демилгелеш болду. Мындан сырткары фракция депутаттары тарабынан 10 парламенттик жана 30 коомдук угуулар өткөрүлүп, 38 маалымат жыйыны, 41 тегерек стол уюштурулду. 2012-жыл ичинде эл өкүлдөрү 5510 жаранды кабыл алып, 464 жаран фракциянын коомдук кабылдамасына кайрылган. Жыл ичинде фракция өкүлдөрүнө 2254 арыз жана оозеки кайрылуулар келип түшүп, алардын 1642си оң жагына чечилип, айрымдарына материалдык жана башка колдоолор көрсөтүлгөнүн маалымдады фракция катчылыгы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан