Бишкекте 19-майдан 19-июнга чейин ысык суу берүү токтотулат. Муну бүгүн, 7-майда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Тийиштүү жарлыкка мэр Кубанычбек Кулматов кол койду. Маалыматка таянсак, ысык суу берүүнүн токтотулушу жабдууларды оңдоп-түзөө, жылуулук мезгилине даярдык көрүү иштерине байланыштуу болот.