2012-жылы парламентте КСДП фракциясы кезектеги 39 жана кезексиз 9 жыйын өткөрүп, анда 58 маселени, 49 мыйзам долбоорлорун жана ЖКнын 2 токтом долбоорун караган. Бул тууралуу КСДП фракциясынын катчылыгы билдирди. Ошондой эле бир жыл ичинде фракция тарабынан 5719 жеке жарандардын каттары кабыл алынып, аларга убагында жооптор кайтарылды. Депутаттардын суроо-талаптары 10775 кат аркылуу аткаруу бийлигине жиберилген. 2012-жылы фракция депутаттары тарабынан 8248 жаран кабыл алынса, коомдук кабылдамага 7057 жаран кайрылган. Мындан сырткары КСДП фракциясынын депутаттары 42 республикалык, эл аралык парламенттик иш-чараларга, 25 парламенттик угууга, 78 жумушчу топтору менен комиссиялардын иштерине катышканын маалымдады фракция катчылыгы.