Баткенде кайрадан чек ара чатагы чыкты. Окуя бүгүн, 7-майда Көк-Таш айылына жакын жерде орун алып, кыргыз-тажик жарандары чатакташууда. Маалыматты Баткендеги өздүк булактарыбыз билдирди. Анын айтымында, ушу тапта облустук бийлик окуя болгон аймакка кошумча аскер күчтөрүн жөнөттү. Чырдын чыгышына чек арадагы келишпестик себеп болгону айтылды. Окуя боюнча дагы кененирээк маалымат беребиз.
Эскерте кетсек, 3-майда Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары менен тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Ал окуяга аталган айылдын тургундарынын малын тажикстандыктардын жайлоого өткөрбөй коюшу себеп болгон эле.