Баткен: Кыргыз-тажик жарандарынын чатагы уланууда, ок атышуулар болуп жатат

Баткен облусунун Орто-Боз айылында кыргыз-тажик жарандары чатакташууда. Ушу тапта ок атышуулар болуп жатат. Баткен ОИИБинин басма сөз кызматкери Дамира Юсупованын айтымында, топтолгон жарандардын саны жүздөп саналат. "Мен окуя болгон жерде жүрөм, ызы-чуу. Караңгыда канча адам бар экенин так айтуу кыйын. Эки тараптын тургундары тирешүүдө. Ок атышуулар болуп жатат, дагы кошумча маалымат берем",- деди Юсупова.   

Юсупова менен телефондо сүйлөшүп жаткан учурда жаалданып кыйкырып жатышкан адамдардын үндөрү угулуп турду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан