Баткен: Чек ара чатагынан жаракат алган 2 адам ооруканага түштү

Баткендин Орто-Боз айылындагы кыргыз-тажик жарандарынын чатагынан жаракат алган 2 адам ооруканага түштү. Бирок жаракат алгандар облустук ооруканага эмес, Самаркандек медициналык борборуна жеткирилди. Муну SUPER.KG порталына Баткен облустук ооруканасынын башчысы Тургунбай Айжигитов билдирди. Айтымында, жаракат алган кыргызстандыктарды Тажикстандын жарандары облустук ооруканага өткөрбөй жатышат. "2 адам жаракат алып ооруканага түштү. Таяктан жаракат алганы айтылууда. Баткен-Лейлек жолун тоскон тажикстандыктар облустук ооруканага жаракат алгандарды өткөрбөй жатышат. Ошондуктан биздин ооруканага эч ким түшө элек",- деди башкы врач.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан