Баткенде бүгүн, 7-майда чек ара чатагы чыккан Орто-Боз айылына Кыргызстан менен Тажикстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келишти. Муну аймактагы өздүк булагыбыз билдирди. Айтымында, окуяда мылтыктын үнү угулганы менен, октон жаракат алгандар болгон жок. Эки тарап бири-бирин таш менен ургулашкан, жаракат алгандар болду. Учурда бийлик өкүлдөрү чатакты токтотуу аракеттерин көрүп жатышат.
Маалыматтарга таянсак, бүгүнкү чатак жайыт талаштан улам келип чыкты.