Баткендин Орто-Боз айылында болгон бүгүнкү окуя облустун башка айылдарынын да тынчтыгын бузду. Учурда чек арага жакын айылдын тургундары көчөдө топ-топ болуп турушат. Муну SUPER.KG порталына Көк-Таш айылынын Арслан аттуу тургуну (фамилиясын айтуудан баш тартты) билдирди. Айтымында, окуя болору менен айыл тургундары дүрбөлөңгө түштү. "Биздин үстү жагыбызда Тажикстандын айылы бар. Окуяны уккандан кийин көчөгө чыгып, коопсуздук үчүн топтолуп турабыз. Кыргызстандыктарды артка кайтаруу үчүн тажик тарап 3 жолу ок атканын уктук",- деп билдирди жергиликтүү тургун.