Депутаттар аймактарда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшүүдө

ЖКнын регламентине ылайык, депутаттар 8-13-январь күндөрү шайлоочулар менен жалпы өлкө аймагы боюнча иш алпарышууда. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары да жер-жерлерде болуп, жергиликтүү тургундардын турмушу, социалдык мекемелердин абалы менен жакындан таанышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тиешелүү чараларды көрүүдө. Депутат Эгемберди Эрматов Өзбекстандын Сох анклавы менен Кыргызстандын Чарбак айылында болгон чырлуу окуя, ага карата көрүлүп жаткан чаралардын жүрүшү менен жеринде таанышуу максатында Баткен облусунда жүрөт. Ал эми депутат Жусупали Исаев дагы ошол эле аймактагы Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрмөкчү. Эл өкүлдөрү Ирина Карамушкина, Акылбек Султанов, Төрөбай Зулпукаров, Заирбек Жоошбеков Ош облусунда, Замир Алымбеков, Токтогул Туманов Жалал-Абад облусунда, Алла Измалкова Чүй облусунда, Эркингүл Иманкожоева Ысык-Көл облусунда, Мамытбай Салымбеков Бишкек шаарында шайлоочулар менен өз ара пикир алышмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан