Ырчы Анжелика 7 жылдан соң жеке концертин берди (фоторепортаж)

7-майда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" борборунун амфитеатрында ырчы Анжелика жеке концертин берди. Саат 18:30га белгиленген концерт 19:55те башталды. Ырчы 7 жылдан бери жеке концертин бербегенденби, күйөрмандары амфитеатрдын 100 пайызын ээледи.

Мындан тышкары Анжелика ысымын алып жүргөн кичине кыздар концертке бекер кирип, ырчыдан белек алышты.

"Мен 7 жылдан бери жеке концерт бере элек болчумун. Концертке мыкты даярдык көрдүк. Бул күндү көптөн күткөндүктөн, учурда толкунданып жатам",- дейт Анжелика.

Ырчыны куттуктап Казакстандын ырчы мырзасы Айкын, КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков, Омар, Арсен, Асел Касымова, Назгүл Токтакунова, Малика Дина, Неля, Айжан Газиева, "Style Mix" триосу келип өнөрлөрүн тартуулап кайтышты.

Ыр майрам ырчынын ырлары, чимириле бийлеген бийчилердин бийлери, элдин шаңдуу колдоосу менен өттү.

 

Анжеликанын концертинен репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (43)
sayakovna
2014-05-08 15:15:35
концерт бергенге жараша ушундай бериш керек молодец
+1
eldar87
2014-05-08 15:28:40
Эх эх акча баарык проб. чечет да.
+9
asiret
2014-05-08 18:22:21
eldar87, акчанын кучукеремет болуптур дебейсинби
+4
rahat.87
2014-05-08 15:56:41
баары сонун болуптур соз жок.бирок мен муну жеке концерт деп айталбайм.жон гана конул ачуучу кече десе болчудай.
+5
momuntay
2014-05-08 16:43:59
Азаматсын Анжелика. Концертти мына мындай бериш керек деп Шоу бизнес окулдоруно улгу болуп берипсин. Жети жылдан берки даярдык корунуп турат.
Акча чечет эмес, бул нерсенин аркасында канчалаган мээнет, адамдар менен болгон жылуу мамиле тураарын билесинерби туугандар.
+8
ssalta
2014-05-08 17:58:03
Айчурок эжебиздин тарбиясы да.
+2
ssalta
2014-05-08 18:01:22
Анан дагы куйосунун акчасы, азыр баары жазалма жадагалса чач кирпиги дагы.Ар бир айым озуно ушундай кам корсо, натыйжасында баары самапал сулуу болот. Бул чындык!!!
+4
Made_in_Mama
2014-05-08 18:51:37
ssalta, сөзүнүзгө толугу менен кошулам. Азыр кыздар жасалма каш, кирпик, чач, тырмак колдонуп калышпадыбы! Жада калса кош кат жасатышат. Көздөрү чон болуш үчүн көздүн четин тилдиришет. Эриндерин көптүрүшөт. Анан Анжеликадай катардагы кыз жасанса укмуш пери болот гоо чиркин))) . Концерттин даярдыгы жакшы болуптур!
+2
Made_in_Mama
2014-05-08 18:44:50
Анжелика пайда табайын деп өткөргөн жок да бул концертти! Кеткен чыгымдар көп экен. Күйөөсүнүн акчасын чачты да! Таанымал болоюн дагы да болсо, мүмкүнчүлүк барда деди да. Үнү жок. Сулуулугуна соз жок. Бирок, каалаган кызды деле бренд кийим кийгизип, күндө салондо жасантып жүрсө, андан өткөн сулуу болбойт! Эми бизнесине, салондоруна жарнама болду да!
+3
rozka
2014-05-08 19:38:48
Аракети бар концерт жакшы болгон окшойт . Акчасы болсо иштешип жатышат да иштесе тиштейт да .мышык майга жетпей сасык дептир мен деле завидую белый зависть
0
anipa11
2014-05-08 20:00:43
bilet baasi kancha boldu eken?
0
pakistanka
2014-05-09 00:57:22
atin chikpasa jer ortto konsert boluptur un degen voobwe joook... 3 ele yry bar go kantip konsert berdi eken...
0
Sharipa-asia
2014-05-09 11:16:02
Чыгармачылыгын оркундой берсин!
0
erudit
2014-05-09 13:06:50
МОЛОДЕЦ!!!Аябай сонун концерт болуптур,анан биздин кыргыздар качан сындаганды коесунар?Жасалма чачпы,кирпикпи,жолдошунун акчасыбы силерге эмне тиешеси бар?Кыргызстанда биринчи жолу ушундай масштабда концерт отконуно суйунсонор боло!Уну да сонун,озу да сонун!!!Чыгармачылыгын оркундой берсин,ар дайым бактылуу бол,кыздарындын бактысын кор!!!
+1
missnelya
2014-05-09 15:46:00
баары жакшы болуптур,молодец!Мыкты даярданганы корунуп турат, бирок мага туркчо ырдаганы жаккан жок.Кыргыздар туркторго алданбасак жакшы болот эле,алар 1 дуйнолук согуштан коптогон жоготууларга дуушар болушкан,ошондон кийин Мустафа Кемаль айткан: "Биз эми согушпайбыз,биз дуйнону башка жол менен багынтабыз"-деп.Алар ошол принципти кармашып,бизге окшогон анча эмес бай олколорго жардам беримиш болуп,оздорунун тилин,салтын,ой жугуртуусун тануулап жатышат,ошону биз тушунсок жакшы болот эле.
+4
missnelya
2014-05-09 15:50:12
Шаарда жургондо туркчо билген кыргыздар кыйын болуп бири-бири менен туркчо суйлошот,турк бироо бир нерсе сураса эч камырабастан турчо жооп беребиз оз эне-тилибизде суйлобой.Эмне учун оз мекенибизде башка бироонун тилинде суйлошубуз керек???Стамбулга барып кыргызча суйлоп корчу,сени тушунмок турсун,карап да корбойт.Ушул нерсе мени аябай окундурот,ошондуктан достор, акылга келеличи.Кечиргиле темадан алыстап кеткениме, бирок журогум ооруп кетти :(
+2
Sima.m
2014-06-05 15:55:48
Супер инфо толук качан жуктойсуздор
???
0
admin_portal
2014-06-05 16:05:10
Sima.m, Саламатсызбы! Жакында жүктөгөнгө аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан