Кенияда 60тан ашык адам самогон жана метил спиртинен жасалган ичимдикке ууланып каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ууланган алгачкы адам 4-майда ооруканага түшкөн. Учурда жабыркагандардын бир канчасы ооруканаларда өмүр менен өлүмдүн ортосунда жатышат. Айрымдарынын көзү көрбөй калган.
Кения полициясынын жетекчисинин айтымында, мындай массалык ууланууга ичимдиктин курамындагы метанол заты себеп болушу мүмкүн. Учурда өндүрүштө арзан баадагы спирт ичимдиктерин күчтүү кылуу үчүн бул затты кошуп жасап келишет.
Белгилей кетсек, Кениянын көптөгөн жакыр жашаган аймактарында алкопритондор, канистрлерге самогондорду куюп сатуу күч алган. Буга чейин 2005-жылы спирт ичимдигине ууланып 45 адам каза болгон.