Баткен районунда абал турукташты, чогулгандар таркашты. Муну бүгүн, 8-майда Баткен ОИИБинен билдиришти. Маалыматка таянсак, түшүндүрүү иштеринен кийин чатакташкан тарап түнкү саат 3 чамасында тарады. Тосулган жолдор ачылды. Бүгүн эки тараптын жергиликтүү бийлик жетекчилери жолугушуп, кырдаалды жөнгө салууну талкуулаша турганы айтылды.