Чүй облусунда кечээ, 7-май күнү болгон сел 100гө жакын турак үйдү каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-майда билдирди.
Маалыматка караганда, Кемин районунда мөндүр аралаш жааган катуу жаандын кесепетинен Кызыл-Октябрь айылынын тоо этегиндеги Бөрүбай коктусунда сел жүргөн. Алдын ала алынган маалымат боюнча, Кызыл-Октябрь айылында 30 турак үйдү жана 1 мектептин короосун, ошондой эле Ударник айылында 10 турак үйдү, Кемин шаарында 40 турак үйдү сел каптады. Сел каптоону жоюу иштерине Кемин райондук суу чарба башкармалыгынан 6 техника тартылып, суу каптоо коркунучу жоюлду.