Баткендеги окуяда октон жаракат алган 2 адамдын абалы оор

Баткендеги окуяда жаракат алгандардын экөөсүнүн абалы оор. Муну бүгүн, 8-майда SUPER.KG порталына Баткен облустук ооруканасынын башчысы Тургунбай Айжигитов билдирди. Айтымында, чатакта жаракат алган 9 адам ооруканага түштү. "Эки адамга ок тийген, бирөөнө резина ок тийгендей. Экинчисине кадимки ок тийгени белгилүү болду. Абалдары оор, бүгүн операция жасалат. Калган 7 адам таш, күрөк сыяктуу нерселерден жаракат алышкандар, абалдары орточо",- деди башкы врач.  
Айта кетсек, 7-майда кечке маал Баткендин Көк-Таш айылына жакын жерде кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чатак чыккан. Анда 1-2 автоунаа, дүкөн, унаага май куюучу жай өрттөлгөнү айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан