Баткендеги чек ара чатагында жаракат алгандар облустук ооруканага саат 01:40тан кийин гана келе башташты. Ага чейин тажикстандыктар жолду бууп өткөрбөй турушту. Муну бүгүн, 8-майда
SUPER.KG порталына Баткен облустук ооруканасынын башчысы
Тургунбай Айжигитов билдирди. Айтымында, ага чейин жаракат алгандар Самаркандектеги ооруканага жеткирилген.
"Жолду бууп турушту (ред. тажик тарап), жаракат алгандардын бизге келишине мүмкүнчүлүк болгон жок. Бир адам гана эртерээк качып чыккан экен, бизге 21:30 чамасында жардамга кайрылды. Калгандары саат бир жарымдан кийин, тактап айтканда, 01:40тан кийин гана келе башташты. 1 адамга жардам көрсөтүлүп үйүнө чыгарылып, калган 9у жаткырылды",- деди башкы врач.
Баткен райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Дүйшөн Ниязкулов башынан жаракат алганын кошумчалады дарыгер.