Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек ара аймагында кырдаал туруктуу экенин билдирет.
Маалыматка таянсак, кезектеги чек ара чатагы 7-май күнү саат 19:20 чамасында Жака-Өрүк айылында башталган. Жаңжалдын чыгышына тажикстандык жарандын аракети себеп болуптур. Ал Баткен-Исфана жолунда бара жаткан кыргызстандык жарандын автоунаасын таш бараңга алган. Мындан кийин эки тараптан 1500дөй адам топтолуп, ортодо чатакташуу чыгып кеткен. Саат 21:00 чамасында тажик жарандары Төрт-Көчө айылынан Баткен-Исфана жолун тосууга аракет кылып, бирок кыргыз тарап буга жол берген эмес. Окуя болгон жерге жергиликтүү күч түзүмдөрү барып, чатакты басуу максатында абага ок чыгарышканы белгилүү болду. Бирок бул аракеттен жыйынтык чыккан эмес.
Окуяда Көк-Терек айылынан кыргыздарга таандык 2 жүк ташуучу унаа, унаага май куюучу жай өрттөлдү. Чатак саат 03:00 чамасында басылып, учурда түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирет Чек ара кызматы.