8-январь күнү саат 16:47 чамасында Ош облусунда күчү 4,4 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, жер титирөөнүн очогу Чоң-Алай районунун Карамык айылында орун алып, Кара-Тейит, Карамык, Жекенди айылдарында 4,4 балл, Доорот-Коргондо 3,5 балл, Кызыл-Кыя шаарында 3 балл, Баткен шаарында 2,5 - 3 балл болду.