Парламенттин 8-майдагы жыйыны Баткенде 7-майда болгон окуяны талкуулоо менен башталды. Депутаттар кесиптештерин элге туура маалымат берүүгө чакырышууда. Ташполот Балтабаев: “Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, жарандарды үйлөрүнө кирип келип сабашыптыр. 20дай адам ооруканага кайрылган. 5 адам учурда ооруканада жатат. Тургундар “мамлекет бизди коргой албаса, үйлөрүбүздү сатып, башка жакка көчүп кетели” деп жатышат. Кыргыз-тажик чек арасы боюнча саясий чечим кабыл алынышы керек. Туура айтылды, согуш алдында турабыз. Парламент терең иликтөө жүргүзүшү зарыл”,- деди.
Айта кетсек, 7-майда Баткендин Жака-Өрүк айылында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыкты.