Орусияда 62 жаштагы депутат "жашы жете элек 212 кызды зордуктаган" деп айыпталууда

Орусиянын Брянский облусунун депутаты Никифон Жуковго "жашы жете элек 212 кызды зордуктаган" деген айып тагылууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жарыялашты.

Иликтөөнүн натыйжасында 62 жаштагы депутат 2007-жылдын июнь айынан баштап 2013-жылдын май айына чейин облустун айланасындагы үч райондун өспүрүм кыздарын зордуктаганы белгилүү болгон. Алардын 30у 11 жаштагы кыздар болгон.

Ал атайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кыздары менен таанышып, киши жок жактарга алып барып зордуктаган. Кыздардын ар бирине окуя тууралуу ооз ачпоосу үчүн акча берчү экен” деп айтылат маалыматта.

Депутат убактылуу кармоочу жайда экени айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан