Баткендеги чатакта бир адам октон жаракат алганын саламаттыкты сактоо министри ырастады

Баткендеги чатакта бир адам октон жаракат алганын, абалы оор экенин саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева да ырастады. Муну министр парламенттин 8-майдагы жыйынында айтты.
"Жалпы 14 киши жаракат алды. 5 адам Самаркандектеги ооруканадан жардам алышты. 9 адам облустук ооруканада. Бирөөсү оор абалда, октон жаракат алыптыр. Калгандары орто абалда. Жабыркагандардын арасында Баткен ОИИБинин жетекчисинин орун басары да бар",- деди министр.

Жыйында депутат Жусупали Исаев октон жаракат алгандар жок экенин билдирип, кесиптештерин такталбаган маалыматтарды айтпоого чакырган эле. Андан кийин аны депутат Назарали Арипов "Сизди эл шайлаган, сүйлөгөндө пахта койгонду токтотуңуз. Чынын айтыңыз" деп сындаган. 
Динара Сагынбаева "октон жаракат алган бар" дегенден кийин төрага Асылбек Жээнбеков ички иштер министрине кайрылып "Сиз муну айттыңыз беле?" деди. Абдулда Суранчиев "ал адам өзүн өзү бутуна атып алыптыр" деп жооп берди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан