Асылбек Жээнбеков, чек ара боюнча: “Тажикстан да, биз да согушту каалабайбыз”

Чек ара көйгөйү боюнча Кыргызстан да, Тажикстан да согушту каалабайт. Муну парламенттин 8-майдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирип, депутаттарды абайлап сүйлөөгө чакырды. “Бизди эч нерсе кылбай жатат дебегиле. Иш сапардан эртең менен келдик. Кечээтен бери бул боюнча сүйлөштүк, жетекчилердин маалыматы бар. Кечинде учакка отуруп жатканда да Төрөбай Зулпукаровго (ред. орун басары, вице-спикер) чалып, тапшырма бергем. Ооба, кыйынчылыктар бар. Бирок чек ара көйгөйүн чечүү аракеттери болуп жатат. Айрым депутаттар согуш жөнүндө айтып кетишти. Мен тажик жетекчилери менен сүйлөштүм. Алар да жаманчылыкты каалабайт, биз да каалабайбыз. Бул маселе сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек”,- деди төрага. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан