Ош шаарында мэр Мелис Мырзакматовдун катышуусунда журналисттер аллеясы ачылды

8-январь күнү Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда журналисттер аллеясы ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аллеянын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов, республикадагы ММКлардан 15 журналист катышып, алар 6 чарчы чакырымды ээлеген аянтка 200 даана арча көчөтүн тигишти. Бул жайга жазында мажүрүм тал жана башка дарак түрлөрү отургузулмакчы. Мындан сырткары аллеяда гезит-журнал саткан күркөлөр ачылып, Wi-Fi - акысыз интернет тармагын ишке киргизүү пландаштырылууда. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Мелис Мырзакматов шаардык бийлик ММК өкүлдөрү менен кызматташууга даяр экендигин, Ошто маалыматтык мейкиндик ачык болуусу керектигин белгиледи. Кошумчалай кетсек, аллеянын курулуш иштери 2011-жылы башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан