Парламент депутаты Курмантай Абдиев 7-майда болгон Баткендеги чатакты кыргыз-тажик чек ара бекеттерине байланыштырат. Айтымында, мурунку чатакта “чек ара көйгөйү чечилмейинче ачпайбыз” деп жабылган кыргыз-тажик чек ара бекеттерин Кыргызстан эмне үчүн ачканына жооп издөө зарыл. "Чек ара маселеси чечилмейинче өткөрүү бекеттери ачылбасын" деген да элдин талабы болчу. Ал тургай Бишкекке Тажикстандын министри келгенде да “чек араны ачпайбыз” деп жолго салганбыз. Кийин алар суранбаса деле өзүбүз өткөрүү бекеттерин ачтык. Буга эмне себеп болду? Чек араны жаап, бирок аны маселе чечүүнүн куралы катары пайдалана албай калдык”,- дейт депутат.