Бүгүн, 8-майда Тажикстандын Ички иштер министрлиги Баткенде 7-майда болгон окуянын себептерин иликтөөнү баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин башчысы Шариф Назаров Тажикстандын ММКларына билдирди.
Анын айтымында, чатактын себептерин иликтөө үчүн атайын ыкчам иликтөө тобу түзүлүп, иш жүргүзүүдө.
“Окуяда Кыргызстан менен Тажикстандан жалпы 60тай адам жаракат алды. Чырдын себеби иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болот”,- деди Назаров.
Эскерте кетсек, 7-майда Баткендин Көк-Таш айылына жакын жерде кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыкты.