Биз социалдык тармакта

Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелип 48 жаштагы жаран кармалды

Аламүдүн районунда 48 жаштагы жаран адам өлтүрүүгө шектүү катары кармалды. Бул тууралу Бишкек шаардык ИИББнин басма сөз кызматы билдирди. 30-декабрь күнү милицияга аталган райондук Таш-Дөбө айылынын Школьная көчөсүндөгү №96-үйдүн кожоюну өлтүрүлгөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. Аламүдүн РИИБнин ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери каза болгон жаран 1955-жылы туулган  В.Н.Д. экендигин аныкташып, окуя орун алган жерден кан болгон бычак, сынган чайнек табылган. Көп өтпөй кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган Таш-Дөбө айылынын тургуну Н.Ж. кармалды. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан