Бүгүн, 8-майда КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев иш сапары менен Баткен облусуна барды. Азыркы тапта вице-премьер-министр Баткен шаарында митингге чыккан жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.
Андан соң Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан кыргыз-тажик чек арасына барат. Ошондой эле Баткен облусу боюнча күч түзүмдөрү менен жыйын өткөрүп, чек арадагы кырдаалды көзөмөлдөө маселеси, облустагы коомдук-саясий кырдаал талкууга алынат.
Мындан сырткары Зардалы айылындагы жарылуу жана үйлөрдүн өрттөлүшү, малдардын уурдалышы каралат. Эртең, 9-майда вице-премьер-министр Жеңиш күнүнө карата иш-чарага катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.