Бишкекте “шаар тургунун коркутушуп, кымбат баалуу уюлдук телефонун, акчасын тартып алышкан” деп айыпталып 3 айым кармалды

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери тарабынан 3 айым кармалды. Алар “шаар тургунун коркутушуп, кымбат баалуу уюлдук телефонун, акчасын тартып алышкан” деп айыпталып жатышат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-майда билдирди.

Маалыматка караганда, күч органдарына 43 жаштагы Элвира аттуу айым кайрылган. Анда ал Киев жана К.Акиев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз аялдар күч колдонуп уюлдук телефонун, акчасын тартып алышканын айткан. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, аталган кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын тургундары 52 жаштагы Гүлнур, 25 жаштагы Наргиза, 31 жаштагы Жылдыз кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sabyr86
2014-05-08 14:41:16
озгочо жанылык го.
0
aizada1988
2014-05-08 14:53:03
ой тоообо эми аялдар башталдыбы Кудайым нысап берсин, башка эмне демек элек.
0
mastermaster
2014-05-08 16:23:15
52 жаштагы!аял киши!заман!
0
Salimboy
2014-05-10 08:35:55
Биздин жетишкендигибиз !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан