Мурда жабылган кыргыз-тажик чек арасы эмне үчүн ачылганына ЖКнын 8-майдагы жыйынында өкмөт мүчөлөрү жооп беришкен жок. Муну депутат
Курмантай Абдиев билдирди. Айтымында, чек араны ачуу боюнча айрым депутаттардан сунуш түшкөн, бирок өкмөт мүчөлөрү алардын аты-жөнүн атаган жок.
Депутат мурунку чатакта “чек ара көйгөйү чечилмейинче ачпайбыз” деп жабылган кыргыз-тажик чек ара бекеттерин Кыргызстан эмне үчүн ачканына жооп издөө зарыл. "Чек ара маселеси чечилмейинче өткөрүү бекеттери ачылбасын" деген да элдин талабы болчу. Ал тургай Бишкекке Тажикстандын министри келгенде да “чек араны ачпайбыз” деп жолго салганбыз. Кийин алар суранбаса деле өзүбүз өткөрүү бекеттерин ачтык”,- дейт Абдиев.
Айта кетсек, Баткенде 7-майда болгон окуя парламентте бүгүн жабык эшик артында каралды.