Марат Калиев эки өлкөнүн жергиликтүү тургундарынын ортосунда чыккан жаңжалдан улам 14 адам жаракат алганы жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле 5 бейтапка амбулатордук жардам берилип, 9 адам облустук ооруканага жаткырылганын айтты.
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Саламаттыкты сактоо министрлигине жабыркаган жарандарга өз учурунда жардам көрсөтүп, дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.