Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Чжан Дэцзян Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) линиясы боюнча парламенттер аралык өз ара байланыштарды жолго коюуга даяр.
Бул тууралуу 2014-жылдын 6-7-май күндөрү Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын расмий иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн парламенттеринин спикерлеринин жолугушуусунда белгилүү болду.
Жолугушууда тараптар ШКУ линиясы боюнча көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн активдүү динамикасын белгилеп, бул багытта парламенттик өлчөмдө өз ара байланышты жолго коюунун максаттуулугу жөнүндө бир пикирге келишти.
Жолугушууда белгиленгендей, буга чейин Орусия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин дагы мындай идеяны колдой тургандыгын айткан. Бул тууралуу 8-майда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.