“Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү Ахматбек Келдибековдой адамга ушундай мамиле жасап жатышса, жөнөкөй жаранга кандай мамиле жасашары белгисиз”,- деди бүгүн, 8-майда маалымат жыйынында депутат Ахматбек Келдибековдун адвокаты Татьяна Чильникина.
Анын айтымында, тергөөчүлөр депутат жаткан медициналык мекеменин тартибин бузуп тергөө амалдарын жүргүзүүгө аракет кылышууда. “Мисалы, күнүгө саат 14:00дөн 16:00гө чейин ооруканада жаткандарга уктоо үчүн убакыт берилет. Бирок тергөөчүлөр буга карабай келип, Келдибековду суракка алууга бир нече жолу аракет жасашты”,- дейт адвокат.
“Мен жактоого алган депутатты аппак деп айта албайм. Бирок өзүңөр ойлонуп көрсөңөр, эмне үчүн уурдалган жалпы 20 тооктун бирине гана катыштыгы бар адамды бардык тооктордун жоголгону үчүн айыпташ керек? Келдибековдун маселеси ушундай болуп жатат”,- деди Чильникина.