Баткен: Жергиликтүү тургундар Баткен-Исфара жана Исфара-Ворух жолун бууп салышты

Азыркы тапта Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курч бойдон турат. Кызыл-Бел аймагындагы "Кызыл-Бел унаа жолу" көзөмөл өткөрүү бекетинен 500 метр алыстыкта Кыргызстандын жарандары тарабынан Баткен-Исфара унаа жолу, Ак-Сай айылында Исфара-Ворух унаа жолу буулуп турат. 

Ошондой эле Ак-Сайда электр жарыгы жок, ал эми тажик тарап учурда өз аймагында эки өлкө аркылуу өткөн электр линияларын оңдоп, жарык берүүнү калыбына келтирүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коом менен байланышуу бөлүмү 8-майда билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан