Баткенде 7-майда болгон окуя боюнча кылмыш иши козголду. Муну ички иштер министри Абдулда Суранчиев бүгүн, 8-майда парламентте депутаттарга маалымат берип жатып билдирди. Айтымында, жумушчу топ окуянын кесепеттерин иликтөөнү баштады.
Муну Баткен облустук ички иштер башкармалыгы ырастады. Кылмыш иши “атайлап мүлктү жок кылуу” жана “бейбаштык” беренелери боюнча козголгону айтылды.