Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев кыргыз-тажик жаңжалы чыккан айылга барды. Муну бүгүн, 8-майда Баткен ОИИБинен билдиришти. Жергиликтүү тургундар министрден чек ара көйгөйүн тез арада чечип берүүнү талап кылышууда. Вице-премьер менен кошо жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да жүрүшөт.
Эскерте кетсек, 7-майда Баткендин Жака-Өрүк айылында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Кыргыз тараптан 14 адам жаракат алып, 9у учурда облустук ооруканада жатат. Алардын бирөө оор абалда экени айтылды.